NL ассортиментинде айрым нерселердин баасы бир аз өзгөрдү

Достор!

Дүйнөдө өзгөрүүлөр болуп жатат. Күтүүсүз, тез жана глобалдык деңгээлде.

Дүйнөдө глобалдык өзгөрүүлөр тез башталды. Валюталардын курсу, эл аралык логистика жана өндүрүш процесстери татаалдашып, ал эми шарттар күтүүсүз өзгөрүүдө.

Эл аралык жеткирүүчүлөр менен көптөгөн иштөө механизмдери, ошондой эле дүйнөдөгү экономикалык жагдай олуттуу өзгөргөндүгүнө байланыштуу бааларды мурунку деңгээлде кармай албайбыз. Андыктан ассортименттеги айрым нерселердин баасын бир аз көтөрүүнү чечтик. Россияда баалар 22-мартта Москва убактысы боюнча саат 00:00дө, компания иштеп жаткан өлкөлөрдө — жакынкы келечекте жаңыланат.

Компаниянын ишиндеги өзгөрүүлөр тууралуу эртең айтып беребиз. Жаңылыктарга көз салып туруңуз.