2022-жылдын декабрь айынын жабылышы
Урматтуу менеджерлер жана кардарлар!
Декабрда айдын жабылуу датасы тууралуу маалыматка көңүл буруңуз.
2022-жылы айдын жабылышы 30-декабрда (жума күнү) болот.
30-декабрда бардык көлөмдөрдү өз убагында өткөрүңүз:
- Электрондук буйрутмалар Москва убактысы боюнча саат 22:00 чейин жасалат.
- Дүкөндөрдөгү сатып алуулар декабрь ичи күн бою, 30-декабрда иштөө тартибине ылайык жүргүзүлөт.
Эске алыңыз! 30-декабрда саат 22:00 кийин жасалган электрондук буйрутмалар 2023-жылдын январь айына киргизилет. Дүкөндөгү 31-декабрда жасалган сатып алуулар 2023-жылдын январь айына киргизилет.
Жабууга эртерээк даярданыңыз!
- Бардык электрондук которууларды, конвертацияларды жана online-буйрутмаларды 30-декабрда саат 20:00 чейин (Москва убактысы боюнча) жасаңыз.
- Буйрутмалар үчүн дельта бир нече сааттан кийин келиши мүмкүн.
Маанилүү! Декабрь айындагы чектерди 4-январда эртең менен Жеке кеңседен көрүүгө болот. Декабрдын жыйынтыгы боюнча ЖИге жасалуучу төлөмдөр эсептик бетэсепке 9-январдан баштап жүргүзүлөт.
Компаниянын жаңы жылдык жана Рождество майрамдарындагы иштөө графигине көңүл буруңуз.
Борбордук кеңсенин иштөө графиги:
- 30-декабрь — иш күнү (айдын жабылышы);
- 31-декабрь – 8-январь — дем алыш күндөрү;
- 9-январь (дүйшөмбү) — жаңы жылдын биринчи иш күнү.
Call-борбордун иштөө графиги:
- 30-декабрда саат 04:00 баштап (Москва убактысы боюнча) иштейт;
- 31-декабрда саат 04:00 чейин (Москва убактысы боюнча) иштейт;
- 31-декабрь, 1, 2 жана 3-январь — дем алыш күндөрү;
- 4-январда саат 04:00 баштап (Москва убактысы боюнча) — адаттагыдай эле.
NL дүкөндөрүнүн иштөө графиги (NL International катышкан бардык өлкөлөрдө):
- 30-декабрда — кадимки режимде иштейт;
- 31-декабрда — жергиликтүү убакыт боюнча саат 15:00 чейин;
- 1, 2 жана 3-январь — дем алыш күндөрү;
- 4-январдан баштап — адаттагыдай эле.
Келе жаткан майрамыңыздар менен!