Достор, биз кардарларды кызыктыруу үчүн жаңы ыңгайлуу куралды ишке киргизип жатабыз!
Белек сертификаты — кардарлардын лоялдуулугун жогорулатуу үчүн күчтүү курал. Аны өнөктөштөргө, кардарларга же өнүмдөргө активдүү кызыгып, бирок азырынча сатып алууну макул таппаган адамдарга берүүгө болот.
Таризделген сертификат – бул сиздин рефералдык шилтемеңиз, ал аркылуу жаңы кардар сиздин IDңизге бекитилет жана Client Club лоялдуулук программасынын катышуучусу болуп калат.
Сертификат белгилүү бир адамга Юнит-эсептен гана таризделет. Сиз сертификаттын номиналын, валютасын жана алуучуга жөнөтүү күнүн тандай аласыз. Белгиленген күнү биз аны смс-билдирүү аркылуу алуучуга жөнөтөбүз.
- Катталган кардар сатып алуусу үчүн кошумча бонуска ыраазы болот.
- Ийгилиги жана жетишкендиги үчүн алган сыйлыгы өнөктөшкө дем берет.
- Потенциалдуу кардар өнүмдөрдү юниттер менен сынап көрүү жана лоялдуулук программасына катталуу мүмкүнчүлүгү менен кубанат.
Унутпаңыз: алуучу сертификатты 6 айдын ичинде активдештириши керек. Активдештиргенден кийин юниттер дароо анын Юнит-эсебине чегерилет. Эгер алуучу жарым жылдын ичинде сертификатты активдештирбесе, юниттер жөнөтүүчүгө кайтып келет.
Ошентип, сизде кардарлар жана менеджерлер менен мамилени чыңдоо үчүн натыйжалуу курал пайда болду. Ал жөнүндө эмнени сөзсүз билишиңиз керек?
- Белек сертификаттары кардарларды социалдык тармактарда массалык түрдө тартууга арналбаганын эске алыңыз.
- Белек сертификатынын шилтемеси аркылуу кардар катары гана катталууга болот.
- Сервис Россия, Беларусь, Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан, Молдова жана Грузияда колдонулат. Юнит-эсептен төлөө ар бир өлкөдө белгиленген айкалышкан төлөм эрежелерине ылайык жүргүзүлөт.
Калган маалыматтарды сервистин баракчасынан окуңуз.