Компаниянын жаңыланган Стандарттарын сунуштайбыз
NL – бул кирешелүү бизнес, мында компания өнөктөштөргө өз максаттарына жетүүгө жана жаңы деңгээлге чыгууга жардам берет. Биздин баалуулуктар өзгөрүлбөйт. Жана компания «оюндун эрежелерин» мүмкүн болушунча ачык аныктоого аракет кылат.
NL Стандарттарынын биринчи варианты 2005-жылы сайтка чыккан. Стандарттар жыл сайын өзгөрөт, толукталат, анткени жашоо өзү аларга оңдоолорду киргизет. Жаңы коркунучтар пайда болгондо жана табылганда, компания өзүн жана өнөктөштөрүнүн бизнесин коргоого милдеттүү.
Стандарттар жана тыюулар эмне үчүн керек? Бизде эркин бизнес эмеспи!
Бир дагы ийгиликтүү корпорацияда же бир дагы ийгиликтүү комьюнитиде толук эркиндик болушу мүмкүн эмес. Өнөктөштүн бизнестеги эркиндиги корпоративдик эрежелер менен чектелет. Антпесе, ар ким өз түшүнүгүнө жараша аракет кылууга ыктыяр жана бардык нерселерди жасай алат: кайра кол коюу, кызыктырып өзүнө тартуу, адаштыруу, демпингдөө, маркетплейстерде сатуу ж.б.
Стандарттар – бул биринчи кезекте системанын коопсуздугу жөнүндө. Алардын милдети: компания жана бизнес-өнөктөштөр үчүн тобокелдиктерди жоюу (системдүү, репутациялык, юридикалык ж.б.), бизнести башаламандыктан жана кыйроодон коргоо.
Эмне жаңыртылды?
- Эрежелерди мүмкүн болушунча түшүнүктүү кылуу үчүн – структура жана «таңгак» өзгөрүлүп, көптөгөн тактоолор кошулду. Айрым стандарттар деталдуу түшүндүрүүлөр менен коштолот.
- Жаңы бөлүмдөр пайда болду («Келишим боюнча ишмердик», «Өнүм сатып алуу», «Системанын бирдиктүүлүгү»).
- Сайттын башка бөлүктөрүндө жана башка документтерде (мисалы, келишимде/офертада) жазылган айрым эрежелерге көрсөтмөлөр – Стандарттарга киргизилди.
Стандарттарды жана түшүндүрмөлөрдү Жеке кеңседе окуңуз.
Суроолор жаралса – компания жооп берүүгө даяр. Жеке кеңседеги кайтарым байланыш формасы аркылуу сураңыз.
Февраль айында компания бүткүл тармак үчүн Стандарттар боюнча окутуу вебинарын өткөрөт. Жаңылыктарга көз салып туруңуз!