BioSetting

BioSetting — «Биосеттинг» протектору

BioSetting — бул боор, жүрөк жана мээ клеткаларын натыйжалуу колдоого жана калыбына келтирүүгө жардам берген, полипренолдордун жана дигидрокверцетиндин, биологиялык активдүү заттардын негизиндеги комплекс.

Бир монодозасы 8 мг полипренол жана 12,5 мг дигидрокверцетин камтыйт.

Полипренолдордун негизиндеги Smart-протектор.

Россияда өндүрүлгөн. «Халал» сертификаты
БАК. Дары-дармек болуп эсептелбейт. Кабыл алуудан мурда тийиштүү адистин консультациясы талап кылынат
ар бири 2 мл болгон 28 монодоза 

2420 сом

Тайга дарактары жаратылыштын дарылык күчүн кылымдар бою өзүнө топтоп келет. Алардын ийне жалбырактары адамдын организмине пайдалуу таасир берүүчү биологиялык активдүү заттарга бай.

Сибирь пихтасынын ийне жалбырактарын көп баскычтуу таттаал экстракциялоонун натыйжасында адамдын ден соолугун калыбына келтирип, жаштыгын узартууга жардам берген эң баалуу жандуу элементтер — полипренолдор алынат.

BioSetting — бул боор, жүрөк жана мээ клеткаларын зыяндан жана кыйроодон күнүмдүк коргоо, клеткалык калыбына келтирүүнү туура физиологиялык жолго багыттоо үчүн абдан маанилүү каражат.

Полипренолдор төмөнкүлөргө жардам берет:

  • мээнин активдүүлүгүн жогорулатууга,
  • эске тутууну жана көңүл бурууну жакшыртууга,
  • боор клеткаларын коргоого жана калыбына келтирүүгө,
  • жүрөк-кан тамыр системасын колдоого,
  • метаболизмди активдештирүүгө,
  • организмге ашыкча күч келгенде аны тез калыбына келтирүүгө.

BioSetting'дин курамына кирген дигидрокверцетин полипренолдор менен синергетикалык эффектти камсыз кылып, пайдалуу компоненттердин биожеткиликтүүлүгүн жогорулатат.

Дигидрокверцетин антиоксиданттык жана капиллярларды бекемдөөчү касиетке ээ, ошондой эле төмөнкүлөргө өбөлгө түзөт:

  • кан тамырларынын бекемделишине жана кан агымынын жакшырышына,
  • кандын илээшкектигинин нормада сакталышына,
  • «жаман» холестериндин деңгээлинин азайышына,
  • нормалдуу жүрөк ритминин жана кан басымынын сакталышына,
  • бронхтордун өткөргүчтүгүнүн жакшырышына жана өпкө ткандарынын калыбына келишине.

Пихта экстракты — эрүүчү диеталык булалардын — пектиндердин бай булагы. Жогорку детоксикациялык активдүүлүккө ээ.

Арабиногалактан — активдүү заттарды белгилүү бир клеткаларга жеткирүү үчүн табигый «курьер». БАКтын компоненттеринин биожеткиликтүүлүгүн олуттуу түрдө жогорулатат.

Полипренолдордун негизиндеги Smart-протектор.

Бир монодозасы 8 мг полипренол жана 12,5 мг дигидрокверцетин камтыйт.

БАК. Дары-дармек болуп эсептелбейт. Колдонуудан мурда тийиштүү адис менен кеңешүүнү сунуштайбыз
Жарактуулук мөөнөтү: 2 жыл

Суу, эмульгатор (Твин 80), Сибирь пихтасынын экстракты, арабиногалактан, дигидрокверцетин, полипренолдор концентраты, боёгуч зат (бета-каротин: күн карама майы, бета-каротин, DL-альфа-токоферол (кычкылдантпоочу зат)), консервант (натрий бензоаты).

Сунушталган өлчөмдө кабыл алуу организмге 12,5 мг дигидрокверцетиндин (КАДдан* 50 %) келип түшүүсүн камсыз кылат.

* Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлгө (контролго) жаткан товарларга коюлуучу Бирдиктүү санитардык-эпидемиологиялык жана гигиеналык талаптарга ылайык керектөөнүн адекваттуу деңгээли, II глава, 1-бөлүм, 5-тиркеме

Колдонуу боюнча сунуштамалар: чоңдорго тамак менен күнүнө 1 порциядан (ампула-монодоза) кабыл алуу сунушталат. Даярдагандан кийин дароо колдонуңуз. Кабыл алуу мөөнөтүнүн узактыгы — 28 күн. Зарыл болгондо кайталап кабыл алууга болот.

Кабыл алуу ыкмасы:

  1. Эң четки ампула-монодозаны кассетадан бөлүп алуу үчүн бөлгүч сызык боюнча бир нече жолу «өзүңүзгө карай — өзүңүздөн ары» кыймылдар менен ийиңиз.
  2. Анын учунан ашыкча суюктукту кетирүү үчүн бир аз силкиңиз.
  3. Учун кертик түшүрүлгөн жеринен «өзүңүздөн ары» кыймыл менен сындырып алыңыз.
  4. Ампуланын ичиндегисин бөлмө температурасындагы бир стакан ичүүчү сууга эритиңиз.
  5. Жаңы даярдалган эритмени ичиңиз.

Колдонуунун алдында гана ачыңыз. Табигый тунманын болушуна жол берилет.

Каршы көрсөтмөлөр: БАКтын компоненттерин көтөрө албастык, кош бойлуулук, бала эмизүү.

Отзывы о продукте BioSetting — «Биосеттинг» протектору