Occuba Professional

Silky hair repair калыбына келтирүүчү кондиционери

Жылкы майы менен калыбына келтирүүчү кондиционер — бул алсыз жана жабыркаган чачтарды күчтүү калыбына келтирүү. Кургак жана алсыз чачтардын гидробалансын оптималдаштырууга, нымды чачтын ичинде кармап турууга жардам берет, чачтарга саламат көрүнүшүн жана жалтыроосун калыбына келтирип, аларды ийкемдүү кылат, тароону жеңилдетет, чачтарга ашыкча салмак кошуусуз кооз жалтыроо жана эстетикалык көрүнүш тартуулайт.

250 мл
Түштүк Кореяда өндүрүлгөн

1350 сом

Активдүү компоненттер:

  • Жылкы майы чачтарды табигый күчкө каныктырат, азыктандырат, калыбына келтирет жана көздү уялткан табигый жалтыроо тартуулайт.
  • Гидролизденген буудай протеини жана кератин чачтын бекемделишине жана өсүшүнө өбөлгө түзөт, коргойт жана ичинен калыбына келтирет, чачтардын сынгычтыгын азайтат, дүүлүккөн терини тынчтандырат.
  • Ачыткы экстракты баш терисин нымдандырат жана азыктандырат, гидролипиддик балансты сактоого жардам берет, чачтын түшүшүнүн алдын алат.
  • Баобаб уруктарынын майы чачтарга кондициялоочу таасир берип, аларга саламат көрүнүш тартуулайт.

Occuba Professional жаңыртылган линейкасы алдыңкы корей сулуулук компаниясы Adwin Corp менен биргеликте түзүлгөн. Occuba Professional каражаттары салондогудай кам көрүүнү камсыз кылып, чачыңызды ашыкча күч-аракет жумшоосуз саламат, кооз жана жалтырак кылат.

Коопсуздук
Курамында SLS, кооптуу консерванттар, формальдегиддер жана парабендер жок.

Алгачкы колдонуудан кийин эле көрүнөрлүк натыйжа: саламат, кооз, кам көрүлгөн, жалтырак, ашыкча күч-аракет жумшоосуз «кымбат» чачтар.

Water, glycerin, cetearyl alcohol, cetyl alcohol, cetrimonium chloride, horse fat, simmondsia chinensis (jojoba) seed oil, argania spinosa kernel oil, adansonia digitata (baobab) seed oil, glycine soja (soybean) seed extract, saccharomyces cerevisiae extract, hydrolyzed keratin, anthemis nobilis flower water, hydrolyzed wheat protein, panthenol, hydroxyethylcellulose, citric acid, sodium citrate, 1,2–hexanediol, disodium edta,hydroxyacetophenone, fragrance, limonene.

Алдын ала жуулган ным чачыңызга керектүү өлчөмдөгү кондиционерди сүйкөп, чачтын бүткүл узундугуна тегиз бөлүшүрүп, 3-5 мүнөт кармаңыз жана андан кийин жылуу суу менен жакшылап жууп кетириңиз.

Отзывы о продукте Silky hair repair калыбына келтирүүчү кондиционери