3D SLIM cosmetics

Жылытуучу целлюлетке каршы Hot гели

Жумшак жылытуучу таасири бар целлюлитке каршы гель. Гелдин активдүү курамы теринин рельефинин жылмакайланышына жана сымбаттуу силуэттин моделин түзүүгө өбөлгө түзөт.

3D Slim program™ программасы менен айкалышта эң сонун натыйжа.

Бөлүшүү схемасы

910 сом
!Белек эсебинен төлөсө болот

Жагымдуу цитрус жыты бар жылытуучу гель теринин бетине оңой бөлүштүрүлүп, тез сиңет. Табигый экстракттар менен каныккан курамы бар каражатты үзгүлтүксүз колдонууда теринин текстурасын натыйжалуу тегиздеп, целлюлиттин көрүнүшүн азайтууга мүмкүндүк берет.

Фукус жана ламинариялар микроциркуляцияны жакшыртып, майлуу ткандарды ажыратуу процесстерин активдештирет.

Азия центелласы жана апельсин экстракттары коллаген синтезин стимулдап, теринин ийкемдүүлүгүн жогорулатат.

Калемпир жана жылкы каштанынын экстракттары микроциркуляцияны стимулдап, ашыкча суюктукту кетирүүгө көмөктөшөт.

Кофеин, чырмоок жана гингко билоба экстракттары сергитүүчү жана дренаждык таасирге ээ.

Апельсин эфир майы терини эң сонун сергитет. Бул жылытуучу гелдин жагымдуу жыпар жыттуу курамынын негизги компоненти болуп саналат.

Таза салмагы: 200 г

Активдүү компоненттер: кофеин, пантенол, апельсин майы, фукус, экстракттар: калемпир, жылкы каштаны, апельсин, азия центелласы, асаи мөмөсү, чырмоок, гинкго билоба, ламинария.

Курамы: AQUA, PEG-40 HYDROGENATED CASTOR OIL, PPG-26-BUTETH-26, AESCULUS HIPPOCASTANUM SEED EXTRACT, PHENOXYETHANOL, ETHYLHEXYLGLYCERIN, ACRYLATES/C10-30 ALKYL ACRYLATE CROSSPOLYMER, POTASSIUM HYDROXIDE, CAFFEINE, CAPSICUM ANNUUM EXTRACT, CENTELLA ASIATICA LEAF EXTRACT, CITRUS AURANTIUM DUCLIS (ORANGE) FRUIT EXTRACT, EUTERPE OLERACEA (ACAI) FRUIT EXTRACT, HEDERA HELIX LEAF EXTRACT, GINKGO BILOBA LEAF EXTRACT, PROPYLENE GLYCOL, SEA SALT (AND) FUCUS VESICULOSUS  (AND) LAMINARIA DIGITATA  EXTRACT (AND)  LAMINARIA JAPONICA EXTRACT, PANTHENOL, PARFUM, ACETYL HEXAPEPTIDE-3, CINNAMOMUM ZEYLANICUM BARK OIL, CITRUS AURANTIUM DUCLIS (ORANGE) OIL, CI15985, LIMONENE, LINALOOL.

Гелди бир аз өлчөмдө көйгөйлүү жерлерге (сан, жамбаш, курсак, бел, колдун үстүнкү бөлүгү) сүйкөп, массаждык кыймылдар менен териге толугу менен сиңгенге чейин бөлүштүрүңүз. Оптималдуу натыйжага жетүү үчүн, күнүнө 2 жолу колдонуңуз.

Натыйжалуулукту жана айкын термикалык эффектти жогорулатуу үчүн гелди кургак щетка же жуугуч менен укалоодон кийин таза териге сүйкөңүз.  Кошумча дене скрабын жумасына 1-2 жолу колдонуу сунушталат.

Схема боюнча да колдонсо болот: жылытуучу гель айыз циклинин 1 жана 2-жумасында колдонулат. Бул мезгилде гель майды кетирүүчү таасири бар компоненттерден улам өзгөчө натыйжалуу: калемпир жана кофеин экстракты. Андан ары циклдин кийинки 2 жумасында муздатуучу таасири бар 3D Slim cosmetics целлюлитке каршы гелин колдонууну сунуштайбыз.

 

Сактык чаралары: айрым компоненттерге жеке чыдамсыздык болушу мүмкүн. Жабыркаган териге сүйкөөгө болбойт. Эгерде аллергиялык реакция пайда болсо, колдонууну токтотуңуз.
 

Отзывы о продукте Жылытуучу целлюлетке каршы Hot гели