Ваш населённый пункт: Кыргызстан, Вся Киргизия, Бишкек
Гель бир эле учурда бир нече деңгээлде таасир этүүчү целлюлитке каршы күчтүү активдүүлүккө ээ: кан айланууну стимулдап, капиллярлардын капталдарын бекемдеп, майдын ажырашына көмөктөшүп, терини жылмакай кылып, тартат. Гелди туруктуу колдонуу теринин жылмакай жана ийкемдүү болушун камсыз кылат.
Туба 150 мл.
Россияда өндүрүлгөн.
Активдүү компоненттер:
Курамы: demineralized water, isononyl isononanoate, cetearyl ethylhexanoate, glycolic acid, lactic acid, citric acid, malic acid, tartaric acid, jojoba oil, water, butylene glycol, sodium chloride, hydrolyzed carrageenan, xanthan gum, hydroxyethyl acrylate/sodium acryloyl dimethyl taurate copolymer, padina pavonica extract, glycosaminoglycans, propylene glycol (and) water (and) chrysanthellum indicum extract lanachrys, laminaria digitata extract, aesculus hippocastanum extract, nelumbo nucifera extract, secoisolariciresinol diglycoside, citrus reticulate oil, ylang-ylang oil, rutinum, citric acid and silver citrate, tocopherol, parfum, capsicum annuum extract.
Кантип колдонсо болот?
Гелди көйгөйлүү жерлерге күнүнө эки жолу – эртең менен жана кечинде, бир ай бою сүйкөңүз. Көбүрөөк натыйжага жетүү үчүн гелди 3 айдан кем эмес колдонууну сунуштайбыз.
Целлюлитке каршы гелди башка каражаттар менен кантип айкалыштыруу керек?
Дененин көйгөйлүү жерлерине целлюлитке каршы гелди, ал эми башка жерлерине – каныккан дене үчүн кремди сүйкөңүз. Гелди колдонуунун алдында жумасына 2-3 жолу кант скрабын колдонуңуз – ал өлгөн клеткаларды чыгарып, ошону менен гелдин активдүү копоненттеринин эпидермис аркылуу өтүшүн жеңилдетет. Гелди нымдуу териге сүйкөбөңүз.
Көзгө жана былжыр челге тийип кетүүсүнөн алыс кармаңыз.
Кош бойлуу жана бала эмизген аялдар гелди колдонсо болобу?
Кош бойлуу жана бала эмизген аялдар целлюлитке каршы гелди колдонсо болот. Ал организмге тутмдуу таасир этпейт жана түйүлдүктүн өнүгүшүнө таасир эте албайт.
Бирок, целлюлитке каршы гелдин курамында негизги активдүү компонент катары кайен калемпири бар экенин эстен чыгарбоо керек, ал өзгөчө жытка ээ жана бала эмизүү учурунда баланын кыжырын келтириши мүмкүн.
Компоненттерге жеке чыдамсыздык болгон учурда колдонбоңуз.
Целлюлитке каршы препараттарды веналык кан айлануунун бузулушунда (варикоздук кеңейүүдө) колдонууга сунушталбайт.
Отзывы о продукте Целлюлитке каршы Be Loved Active Control гели
Отзыв можно оставить
только после авторизации