Energy PRO

Mix протеин батончиктери: «Манго», «Шоколад», «Кокос»

Глазурь менен капталбаган Energy PRO протеин батончиктери белоктун бир нече түрүнөн турган таасирдүү матрицаны, ошондой эле коллаген гидролизатын жана тамак-аш булаларын камтыйт. Өзөк жалгоо пайдалуу жана даамдуу болушу мүмкүн экендигине ишенедердик далил. Бир батончикте камтылган 22 грамм белок ачкалыкты тез кандырып, булчуңдарды азыктандырат.

ар бири 60 г болгон 3 батончик
Россияда өндүрүлгөн

420 сом
!Белек эсебинен төлөсө болот

Глазурь менен капталбаган Energy PRO протеин батончиктери ар түрдүү булактардан алынган 37% белок, коллаген гидролизатын жана тамак-аш булаларын камтыйт. Үч түрдүү «Манго», «Шоколад» жана «Кокос» даамдарын татып көрүңүз жана батончиктер сиздин сүйүктүү пайдалуу таттууңузга айланат.

  • «Кокос» — кокостун аш болумдуу маңызы пайдалуу тамактануудан ыракат тартуулайт.
  • «Манго» — тропикалык мөмөнүн жаркын даамы, экзотикалык жыпар жыты жана пайдасы.
  • «Шоколад» — эч кимди кайдыгер калтырбаган кылдат десерт.

Белок матрицасы:

  • Сары суу белогунун концентраты булчуңдардын тез каныгуусуна өбөлгө түзөт, метаболизмди тездетет, BCAAнын кошумча булагы болуп саналат.
  • Сүт белогунун концентраты булчуңдардын узак мөөнөткө каныгуусун жана организмге керектүү мезгилде аминокислоталардын кошумча жеткирилишин камсыз кылат.
  • Жумуртка белогу – аминокислоталардын чоң өлчөмдө камтылышы жана биожеткиликтүүлүгү боюнча эталондуу жаныбар белогу.
  • Соя белогунун изоляты оңой сиңип, салмакты азайтууда / денени кургатууда натыйжалуу келет.
  • Коллаген гидролизаты зат алмашууну жакшыртат, энергия тартуулайт жана теринин серпилгичтигин сактайт.
  • Тамак-аш булалары белоктун жакшы сиңишине жардам берет, тамак сиңирүү системасынын ишин нормалдаштырат жана тоюу сезимин пайда кылат.

Батончиктер төмөнкү учурларда эң керектүү:

  • сиз машыгуунун натыйжаларын жакшыртууну кааласаңыз: арыктоо же кургак булчуң массасын алуу;
  • сизге сапаттуу белоктун кошумча булагы керек болсо;
  • сиз активдүү болсоңуз жана өзөк жалгоо үчүн даамдуу жана пайдалуу тамак ар дайым жаныңызда болсун десеңиз.

Жарактуулук мөөнөтү: 12 ай
Таза салмагы: 180 г

«Кокос» даамы үчүн

Курамы: белок аралашмасы (сары суу белогунун концентраты, сүт белогунун концентраты, жумуртка белогу, соя белогунун изоляты, коллаген гидролизаты), изомальтоолигосахарид, кокос кырындысы, суу, кокос майы, лимон кычкылы (кычкылдантпоочу зат), глицерин (ным сактагыч агент), соя лецитини (эмульгатор), калий сорбаты (консервант), жыт бергич.

60 г өнүмдүн азыктык жана энергетикалык баалуулугу (орточо маанилер) (% ОСК**): белоктор – 22 г (29 %), майлар – 7 г (8,5 %), углеводдор – 4 г (1 %), тамак-аш булалары – 19 г (63 %), энергетикалык баалуулугу – 205 ккал / 851 кДж (8 %).

«Манго» даамы үчүн

Курамы: белок аралашмасы (сары суу белогунун концентраты, сүт белогунун концентраты, жумуртка белогу, соя белогунун изоляты, коллаген гидролизаты), изомальтоолигосахарид, сублимацияланган манго эти, суу, кокос майы, лимон кычкылы (кычкылдантпоочу зат), глицерин (ным сактагыч агент), соя лецитини (эмульгатор), калий сорбаты (консервант), жыт бергич.

60 г өнүмдүн азыктык жана энергетикалык баалуулугу (орточо маанилер) (% ОСК**): белоктор – 22 г (29 %), майлар – 4 г (5 %), углеводдор – 4,5 г (1 %), тамак-аш булалары – 20 г (67 %), энергетикалык баалуулугу – 182 ккал / 757 кДж (7 %).

«Шоколад» даамы үчүн

Курамы: белок аралашмасы (сары суу белогунун концентраты, сүт белогунун концентраты, жумуртка белогу, соя белогунун изоляты, коллаген гидролизаты), изомальтоолигосахарид, какао күлмайдасы, суу, кокос майы, лимон кычкылы (кычкылдантпоочу зат), глицерин (ным сактагыч агент), соя лецитини (эмульгатор), калий сорбаты (консервант), жыт бергич.

60 г өнүмдүн азыктык жана энергетикалык баалуулугу (орточо маанилер) (% ОСК**): белоктор – 22 г (29 %), майлар – 4 г (5 %), углеводдор – 3,5 г (1 %), тамак-аш булалары – 20 г (67 %), энергетикалык баалуулугу – 180 ккал / 748 кДж (7 %).

** ББ ТР 022/2011 ылайык ОСК (орточо суткалык керектөө) (бир порцияда).

Азык кабыл алууга толугу менен даяр. Азыктын компоненттерине жеке чыдамсыздык болгон учурда колдонууга болбойт.

Отзывы о продукте Mix протеин батончиктери: «Манго», «Шоколад», «Кокос»