Белектер

Magic evening үйдөгү спа үчүн топтому

Шамдын шыктандыруучу жыпар жыты жана эс алдыруучу туздуу ванна сизге өзгөчө маанай жаратууга жана абдан маанилүү бир адамга, мисалы, өзүңүзгө болгон сүйүүңүздү көрсөтүүгө жардам берет. 

Спа-ритуал үчүн керектүүлөр:

  • Aroma SPA ванна тузу, 150 г
  • Spicy wine жыпар жыттуу шамы, 100 мл

Россияда өндүрүлгөн

950 сом

Бул кечти өзүңүзгө арнаңыз, жайлуу туздуу ваннада эс алып, жыпар жыттуу табигый соя шамынын тырс-тырс эткен добушунан ыракат алыңыз. Тынчтык, бейпилдик сезимдери менен кыялданыңыз.

Роза жана лаванда жыпар жыты менен ванна тузу чыңалуудан арылтып, терини жумшак жана баркыттай назик кылат.

  • Деңиз тузу зат алмашууну жакшыртууга жана целлюлитти азайтууга жардам берет, терини бекемдейт жана жылмакай кылат.
  • Магний тузу эс алууга жардам берет, чыңалуудан жана стресстен арылтат.
  • Роза жана лаванда гүлдөрүнүн жалбырактары сезимтал жыпар жыт берип, ванна алуу ритулаңызга кооздук жана сыйкырдуулук кошот.

Курамы табигый компоненттерден турган жана жылуу глинтвейн жыттанган шам эс алууга жана маанайыңызды көтөрүүгө жардам берет. 

Романтикалуу атмосфераны жаратуу үчүн идеалдуу жуп.

Ванна тузу: sea salt, magnesium sulfate, lavandula angustifolia flower, rosa centifolia flower.

Жыпар жыттуу шам: табигый соя мому, парфюмердик композиция, жыгач билик.

Ванна тузу: чыпка-пакетке салып, жылуу суу толтурулган ваннага салыңыз, ваннага 20 мүнөттөн ашык эмес түшүңүз, андан кийин чайканыңыз.

Жыпар жыттуу шам: биликти тамызыңыз. Ар бир колдонуунун алдында биликтин күйүп бүткөн бөлүгүн кесип кыскартыңыз. Шамды өчүрүүдөн мурда момдун бүткүл бети эригендигине ынаныңыз.

Отзывы о продукте Magic evening үйдөгү спа үчүн топтому