Greenflash

Lactoferra

Иммуноглобулиндерди жана лактоферринди камтыган активдүү табигый комплекс. Иммундук системаны калыбына келтирүүгө жана чыңдоого, организмди вирустардан жана бактериялардан коргоого жардам берет, ткандардын регенерациялануу процесстерин жакшыртат, темирдин жакшыраак сиңишине өбөлгө түзөт.

«Халал» сертификаты
90 капсула

1890 сом

Lactoferra организм үчүн табигый болуп саналган иммундук компоненттерди камтыйт:

  • Иммуноглобулин коргоочу белоктору – иммундук системанын даяр компоненттери.
    Алар иммундук таасирденүүнү жөнгө салып, иммундук жооптун узактыгын жана күчүн контролдойт. Бактерияларды, вирустарды, грибокторду жана токсиндерди нейтралдаштырууга катышат. Организмдин бактериялык жана вирустук ооруларга туруктуулугун жогорулатууга жардам берет. Натыйжада, мындай оорулар сейрек болуп, оңоюраак айыгат.
  • Лактоферрин – көп функциялуу белок, универсалдуу коргоочу компонент.
    Вирустарга, бактерияларга каршы күчтүү таасир берет, сезгенүүгө каршы активдүүлүккө ээ. Темирдин метаболизмин жөнгө салат. Ткандардын регенерациялануу процесстерин стимулдаштырат. Организмге бактериялык жана вирустук оорулар менен оңоюраак күрөшүүгө, ошондой эле темирди бир кыйла натыйжалуу сиңирүүгө жардам берет.

Толугу менен табигый курамга ээ. Lactoferra'нын курамына ууз сүтү (colostrum) жана лиофилдик кургатуу ыкмасы менен алынган сары суу сыяктуу баалуу компоненттер кирет. Лиофилдик кургатуу технологиясы өнүмдөн сууну эң жумшак ыкма менен алып салууга жана бардык табигый активдүү элементтерди максималдуу концентрацияда: иммундук жана коргоочу компоненттерди, витаминдерди жана минералдарды табигый түрдө сактоого мүмкүндүк берет. 

Төмөнкү учурларда актуалдуу:

  • Организм алсырап, тез-тез ооруп калып турсаңыз.
  • Алынган жаракаттардан кийин тезирээк калыбыңызга келүүнү кааласаңыз.
  • Вирустук оорулар жана сезондук суук тийүүлөр көп болгон мезгилде организмди коргоо жөнүндө кам көрсөңүз.
  • Алсырап жатканыңызды сезсеңиз жана организмиңиздин жалпы эле абалын жакшырткыңыз келсе.
  • Сизде темирдин жетишсиздиги болуп, анын сиңүүсүн жогорулатуу керек болсо.

Key to health — ден соолугуңузга болгон жеке ачкычыңыз.

БАК. Дары-дармек каражаты болуп эсептелбейт. Колдонуудан мурда тийиштүү адис менен кеңешүүнү сунуштайбыз.
Россияда өндүрүлгөн.
Жарактуулук мөөнөтү: 2 жыл.
Таза салмагы: 56,53 г.

Лиофилизацияланган коюлтулган уйдун ууз сүтү (colostrum), лиофилизацияланган коюлтулган быштак сары суусу, капсуланын кабыгы (желатин).

Иммуноглобулиндерди, лактоферринди камтыган тамак-ашка биологиялык активдүү кошулма катары сунушталат.

Кабыл алууга сунушталган доза (күнүнө 2–3 капсула) камтыйт:
иммуноглобулиндер 100 мг – 150 мг, лактоферрин 5 мг – 15 мг. Адекваттуу керектөө деңгээли аныкталган эмес.

Колдонуу боюнча сунуштамалар: чоңдорго күнүнө 2–3 капсуладан. Кабыл алуу мөөнөтүнүн узактыгы — 1 ай. Зарылчылыкка жараша кайталап кабыл алууга болот.

Дары-дармек болуп эсептелбейт. Кабыл алуудан мурда дарыгер менен кеңешүүнү сунуштайбыз.

Каршы көрсөтмөлөр: БАКтын компоненттерине болгон жеке чыдамсыздык, кош бойлуулук, бала эмизүү, уй сүтүнүн белокторуна аллергиялык реакциялар.

Отзывы о продукте Lactoferra