Sklaer

Sensitive сезгич тиштерге жана тиш этине арналган тиш пастасы

Тиштериңиздин жана тиш этинин саламаттыгын кайтарыңыз. Курамы коопсуз болгон тиш пастасы сезгичтикти азайтат, сезгенүүгө каршы жана айыктыруучу таасир берет, тиштерди өңөрдөн натыйжалуу тазалайт жана кариестин алдын алууга жардам берет. Жайлуулук сезими жана кооз жылмаюу ар дайым сиз менен болсун!

Жалбыз даамданган жана сергиткен жыпар жыты бар паста күнүмдүк колдонууга ылайыктуу.

75 мл

330 сом

Фторсуз, парабендерсиз, SLS жана боёгуч заттарсыз тиш пастасы. Тиштерди өңөрдөн натыйжалуу тазалайт, тиштердин сезгичтигин азайтат, тиш этинин сезгенүүсүн азайтат жана кариес пайда кылуучу бактериялардын көбөйүшүн басып, ооз көңдөйүнүн микрофлорасын нормалдаштырат.

  • Калий нитраты тиштердин сезгичтигин азайтат.
  • Календула экстракты тиштерди тынчтандырат жана тиш этинин канап кетүү учурларын азайтат.
  • Шалфей экстракты куруштуруучу, сезгенүүгө каршы таасирге ээ болуп, тиш этинин абалын жакшыртат.
  • Ромашка экстракты айыктыруучу касиетке ээ болуп, дүүлүгүүнү басат жана ооруу сезимин азайтат.
  • Сорбитол кариес пайда кылуучу бактериялардын көбөйүшүн басат, тамактангандан кийин шилекейдин кычкылдуулугун нормалдаштырат, шилекейдин бөлүнүп чыгышын көбөйтөт. Шилекей, өз кезегинде, тиш эмалынын табигый кайра минералдаштырылышын камсыз кылат.
  • Ксилит зыяндуу бактерияларды жок кылат, шилекейдин микрофлорасын нормалдаштырат, кариестин пайда болуу тобокелдигин азайтат жана кариестин өнүгүшүн баштапкы баскычта токтотуп, эмалды бекемдейт.
  • Кремний диоксиди – тиштерди эмалга зыян келтирүүсүз тазалоого жардам берген жумшак абразив.

Россияда өндүрүлгөн
Жарактуулук мөөнөтү: 36 ай
Ачылгандан кийинки жарактуулук мөөнөтү: 6 ай
Таза салмагы: 95 г

Sorbitol, Aqua, Hydrated Silica, Glycerin, Potassium Nitrate, Sodium Сoco-Sulfate, Cellulose Gum, Xylitol, Aroma, Benzyl Alcohol, Glyceryl Laurate, Chamomilla Recutita Extract, Calendula Officinalis Extract, Salvia Officinalis Extract, Sodium Saccharin, Limonene.

Активдүү компоненттер: калий нитраты, календула, шалфей, ромашка экстракттары, сорбитол, ксилит.

Бир аз өлчөмдөгү тиш пастасын тиш щеткаңызга сүйкөп, тиштериңизди тиш этинен ылдый карай шыпыруучу кыймылдар менен 2–3 мүнөт тазалаңыз. Процедураны эртең менен жана кечинде, ошондой эле тамактангандан кийин кайталаңыз.

Күнүмдүк колдонуу үчүн ылайыктуу.

Отзывы о продукте Sensitive сезгич тиштерге жана тиш этине арналган тиш пастасы