Sklaer

Protect кайра минералдаштыруучу тиш пастасы

Тиштерди бекемдөө – имиджиңизге кошкон эң мыкты салымыңыз. Курамы коопсуз кайра минералдаштыруучу тиш пастасы тиштерди минералдарга каныктырат, кариестин алдын алат жана тиштерди өңөрдөн натыйжалуу тазалайт. Бекем тиштер жана кемтиксиз жылмаюу көпкө чейин сиз менен болот.

Жалбыз даамданган жана сергиткен жыпар жыты бар паста күнүмдүк колдонууга ылайыктуу.

75 мл

330 сом

Фторсуз, парабендерсиз, SLS жана боёгуч заттарсыз тиш пастасы тиштерди өңөрдөн натыйжалуу тазалайт, эмалды минералдарга каныктырат жана кариес пайда кылуучу бактериялардын көбөйүшүн басып, ооз көңдөйүнүн микрофлорасын нормалдаштырат жана кариестин пайда болушунун алдын алат.

  • Кальций пантотенаты тиштерди керектүү өлчөмдөгү кальций менен байытат.
  • Гидроксиапатит – тиш эмалында курамы 96%га чейин жеткен кальций апатити. Ал эмалды кайра минералдаштырып, микроскопиялык бузулууларды калыбына келтирет.
  • Ламинария экстракты тиштерди жана тиш этин микроэлементтерге каныктырат.
  • Сорбитол кариес пайда кылуучу бактериялардын көбөйүшүн басат, тамактангандан кийин шилекейдин кычкылдуулугун нормалдаштырат, шилекейдин бөлүнүп чыгышын көбөйтөт. Шилекей, өз кезегинде, тиш эмалынын табигый кайра минералдаштырылышын камсыз кылат.
  • Ксилит зыяндуу бактерияларды жок кылат, шилекейдин микрофлорасын нормалдаштырат, кариестин пайда болуу тобокелдигин азайтат жана кариестин өнүгүшүн баштапкы баскычта токтотуп, эмалды бекемдейт.
  • Кремний диоксиди – тиштерди эмалга зыян келтирүүсүз тазалоого жардам берген жумшак абразив.

Россияда өндүрүлгөн
Жарактуулук мөөнөтү: 36 ай
Ачылгандан кийинки жарактуулук мөөнөтү: 6 ай
Таза салмагы: 93 г

Aqua, Sorbitol, Hydrated Silica, Glycerin, Sodium Сoco-Sulfate, Cellulose Gum, Xylitol, Aroma, Benzyl Alcohol, Glyceryl Laurate, Laminaria Digitata Extract, Propylene Glycol, Sodium Saccharin, Calcium Pantothenate, Hydroxyapatite, Limonene.

Активдүү компоненттер: кальций пантотенаты, гидроксиапатит, ламинария экстракты, ксилит, сорбитол.

Бир аз өлчөмдөгү тиш пастасын тиш щеткаңызга сүйкөп, тиштериңизди тиш этинен ылдый карай шыпыруучу кыймылдар менен 2–3 мүнөт тазалаңыз. Процедураны эртең менен жана кечинде, ошондой эле тамактангандан кийин кайталаңыз.

Күнүмдүк колдонуу үчүн ылайыктуу.

Отзывы о продукте Protect кайра минералдаштыруучу тиш пастасы